Баткен окуясында жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков жарадар болуп оорукананада дарыланып жаткан жигиттердин баарын кыдырып, ар бири менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, алардын ар биринин ата-энелери менен жолукту. Ушундай эр азаматтарды тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылыгын билдирип, дары-дармек, дарыгерлердин жардамдары, кийим-кечек, тамак-аш жагынан толук камсыздала тургандыгын, жоокерлерди колдоо, дарылоо максатында атайын каражаттар бөлүнгөндүгүн белгиледи.
«Ооруканада дарыланып жаткан Ички аскерлердин жоокерлерине бардык шарттар түзүлдү, дары-дармектер жана башка медициналык квалификациялуу жардамдар так жана өз убагында берилүүдө. Дарыгерлер алардын ден-соолугуна камкордук көрүшүп, аларды тез арада сакайтууга бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлө тургандыгын белгилешти. Ооруканада жаткан эр азамат жоокерлерге студенттер, мектеп окуучулары дагы келишип, аларга ыраазычылыктарын билдирип, колдон келген жардамдарын берип, тамак-аштарын да көтөрүп келишип, эр жүрөк жоокерлерге урматтоо сезимдерин билгизип жатышат»,-деп берилет билдирүүдө.