Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборунда чек арадан жабыркагандар үчүн 100дөн ашуун аскер кызматкерлери кан тапшырышты. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кыматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери жүздөн ашуун офицерлер, прапорщиктер, сержанттар жана катардагы жоокерлер ыктыярдуу кан тапшырышты.
Ошондой эле, Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43- жатак абагынын кызматкерлери дагы жергиликтүү медициналык мекемеде кан тапшырышкан.