7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер министрлигинде жаңы туу көтөрүлдү

574

Бүгүн, 2024-жылдын 1-январь күнү ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын өзгөрүлгөн желеги көтөрүлдү.

Иш-чарага ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, министрдин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын полковниги Сталбек Рахманов, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Тилек Түкебаев жана ИИМдин нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев ички иштер органдарынын кызматкерлерин жаңы 2024-жыл менен куттуктап, өзгөртүүлөр киргизилген желегибиз желбиреп турушун, элибизге тынчтык, мамлекетте өнүгүү, өлкөбүзгө бакубатчылык каалады.

575