6-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМ чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге, ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө.
Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө.
«Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана бул аймакка тартылган ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда», — деп берилет маалыматта.