7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Кыргызстанда үч жылда 27 нарколаборатория жок кылынды

578

Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен синтетикалык баңгизаттарды даярдоо боюнча — 12, кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча — 15.

27 нарколабораториянын ичинен 25и Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жок кылынып, анын ичинде 11и — синтетикалык, 14ү — кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо.

  • 2021-жылы 4 нарколаборатория, ичинен каннабис -3, синтетикалык -1.
  • 2022-жыл 11 нарколаборатория, ичинен каннабис -4, синтетикалык -7.
  • 2023-жыл 12 нарколаборатория, ичинен кара куурай -8, синтетикалык -4.

Үч жыл ичинде нарколабораторияларды жоюунун натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 799 килограмм 944 грамм баңгизаттары жана психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган.

2024-жылдын отчеттук мезгилинде кара куурай тобундагы баңгизаттарды даярдоо боюнча жашыруун 3 нарколаборатория аныкталган, алардын ичинен 2 нарколаборатория ИИМдин БМЖККК тарабынан аныкталган.

579