7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

1062

Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Facebook» социалдык тармагында М. Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы өлкө башчы 2021-жылдын 10-январында өткөн Президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мурдагы президент С. Жээнбековдон 10 миллион АКШ доллар акча алып, аны бардык облустарга үгүт иштерине жумшаганын билдирген.  Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

«2021-жылдын 14-май күнү бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1063