7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Жашы жете электерге карата жасалган ырайымсыз мамилелерге бөгөт коюлат

154

Жалал-Абад облусунун аймагында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга багытталган бир топ профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн балдар иштери боюнча комиссиясында тиешелүү органдар менен биргеликте чогулуш өткөрүлгөн.

Жыйындын жүрүшүндө терс жагдайларга бөгөт коюу багытында түзүлгөн комиссиянын иш алып баруусун күчөтүү милдеттендирилди. Жашы жете электерге карата жасалган ырайымсыз мамилелерди, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бирдиктүү аракеттерди көрүү зарылдыгы белгиленди.


Ошондой эле Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тейлеген аймагында жайгашкан мектептерде коронавируска байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери Чаткал РИИБдин кызматкерлери тарабынан да жүргүзүлүүдө. Аба-ырайынын өзгөрүүсүнө карабастан тиешелүү профилактикалык жумуштар улантылууда. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын жана жергиликтүү тургундарды айтылып жаткан санитардык нормаларды сактоого чакырып жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

155