7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин ардагери Кочкорбай Эшатовго министрликтин медалы ыйгарылды

305

Ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы майору Кочкорбай Эшатов 70 жашка толду. Анын 70 жылдык юбилейине карата ИИМдин 95 жылдык медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайый, юбилейлик медалды Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков тапшырып, өздүк майрамы менен куттуктады. Анын ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенип, азыркы учурда жаш кызматкерлерге акыл насаатын айтып келе жатканын белгиледи.

«Өз кезегинде медаль тагынып кубанып турган Кочкорбай Эшатов сыйлыкка сунуштагандарга жана тапшыргандарга ыраазычылык билдирди. Ал милицияда эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккандыгына сыймыктанаарын белгиледи. Милициянын жумушу жоопкерчиликтүү экендигин айтып, учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге жана медаль тапшыргандарга ак батасын берип узатты», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

306