7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 10 жылдык мааракеси белгиленди

521
Бүгүн, 17-январь күнү ИИМдин жыйындар залында, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Аталган салтанаттуу иш-чарага КРнын ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, анын орун басарлары Адылбек Бийбосунов, Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Атайын багыттагы полкунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Исаев Сейитбек, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командири милициянын полковниги Майрамбек Имангазиев, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун мурунку командирлери, ошондой эле ардагерлер, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайлары, алардын жакын туугандары жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы катышты.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү КРнын Гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң борбордук аппараттын кызматкерлерине жана чакырылган конокторго Атайын багыттагы полкунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган кыскача видео тасма көрсөтүлдү.
Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүндө, Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун 10 жылдык салтанаттуу мааракеси менен жеке өзүнүн атынан жана коллегия мүчөлөрүнүн атынан куттуктады! “Өз ишине берилгендик, кайраттуулук, кыраакылык, ыкчамдуулук – Сиздерге тиешелүү эң жогорку сапаттар деп эсептеймин. Биздин кызматкерлерге кылмыштуулук менен келишкис, аесуз күрөш жүргүзүү, дүйнөлүк жана мамлекеттик дээңгелдеги өткөрүлүп жаткан орчундуу иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, коомдук иш-чараларда, ар кандай саясий акццяларда коомдук тартипти бекем сактоо жана жарандарга жан дилинен жардам көрсөтүү милдети тапшырылган. Биздин кызматкерлердин сапаттуу ишмердүүлүгү – өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн, жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги болуп эсептелет.
Ички иштер министрлиги Полктун түзүлгөн күнүнөн баштап, материалдык техникалык базасын чыңдоодо, ар тараптуу жардамдарды берип, кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен камсыз кылып келет. Биз акыркы эле эки жылдын ичинде 20га чукул ар кыл үлгүдөгү транспорттор менен камсыз кылдык, кийим кечек, атайын компьютердик техникаларды бердик, азыр болсо полктун базасында кызматкерлерге атайын заманбап имараттын курулушун да баштадык. Жалал-Абад, Баткен, Ош, Балыкчы шаарларында да биздин кызматкерлерге бардык шарттар түзүлгөн. Мындан ары да ар тараптуу колдоолор сөссүз берилет. Күжүрмөн эр азаматтарыбыз эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Алар атайын операцияларды жүргүзүүгө катышып кылмышкерлерди кармоодо жана массалык башаламандыктарга бөгөт коюуда өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин так аткарып келе жатышат.
Өткөн жылы республика боюнча 2 миң 720 ар кандай коомдук, саясий, спорттук иш-чараларын жүрүшүндө жана жайкы туристтик сезондо Ысык-Көл облусундагы 40тан ашуун эс алуу жайларында коомдук тартипти жогорку денгээлде камсыз кылышты. Ошондой эле өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жыл ичинде миңден ашык атайын операцияларды ишке ашырып, 524 кылмышкерди колго түшүрүүгө жетишти. Айрыкча, Баткен окуяларында алар баатырдыктын, Мекенге жан дилинен берилип кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн көрсөтө алышты. Полктун кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары жана алдына коюлган тапшырмаларды так жоопкерчиликтүү аткаргандыгы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жогору бааланып, мамлекеттик баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Элибиздин жыргалчылыгы, коопсуздугу жана келечеги үчүн бел чечпей иштеп, жарандардын коопсуздугун жана эркиндиктерин бекем сактоого арналган багытыбызда дайыма ийгиликтер жарала беришине тилектешмин. Сиздердин баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, узун өмүр, күч-кубат, чексиз кайраттуулукту жана ийгиликтерди каалаймын! Майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын, бар болуңуздар, аман болуңуздар! — деди Улан Ниязбеков.
Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун өзгөчөлөнгөн 133кызматкерлерине, ошондой эле кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жубайларына ана алардын жакын туугандарына министрликтин сыйлыктары тапшырылды.

522