7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин Биринчи май РКБнын мыкты кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

250

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн 2021-жылдын 26-январында 2020-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешмеде “Кесиби боюнча мыкты” деп аныкталган кызматкерлерге сыйлык тартуулоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубековичтин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Момбеков Алмаз Анаркуловичтин катышуусунда болуп өттү.

2020-жылдын 12 ай аралыгында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо жана бөлүмүнө зор салымын кошкондугу үчүн, ошондой эле аткарган ишинине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, мыкты деген жыйынтыктарды көрсөткөндүгү үчүн, Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн мыкты деп аныкталган 12 кызматкер ардак грамотасы жана төш белгилери менен сыйланды.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы начальнигинин орун басары милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубекович “Урматтуу кесиптештер, күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңар үчүн ыразычылыгыбызды билдиребиз. Дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыра бергиле”-деп сөзүн жыйынтыктады.


Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Момбеков Алмаз Анаркулович “Ар бириңиздердин кылган эмгегиңиздердин баалайбыз, алган сыйлыгыңыздар кут болсун!”-деп, өзүнүн каалоо тилегин өздүк курамга айтып сөзүн жыйынтыктады.


Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери куттуктоо сөздөрүн айтып, бөлүм башчысы милициянын полковниги Момбеков Алмаз Анаркуловичке өздүк курам ыраазычылыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

251