7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин күзөт кызматкерлери балдар үйүнө барып белек тапшырышты

302

Бүгүн, 2020-жылдын 31-декабрь күнү, ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы балдар үйүнө жаңы жылдык белектерин тапшырышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш-чарага, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Талантбек Акматов жана анын орун басары милициянын полковниги Эрк Тажиев, Бишкек шаарынын Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунунда тарбияланып жаткан наристелерди жаңы-жыл майрамы менен куттукташып,өз белектерин, тартуулашты.


Өз кезегинде, Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун директорунун орун басары Гульжан Ашимова, Күзөт кызматынын жетекчилигине терең ыраазычылыгын билдирип, жетектеген балдар үйүндө төрөлгөндөн 4 жашка чейинки наристелердин жашоо шарттары менен тааныштырып, эң керектүү болгон кем-карчылары толукталгандыгын белгиледи.


Жыйынтыгында милициянын полковниги Талантбек Акматов балдар үйүнүн кызматкерлерине жана наристелерине каалоо тилегин айтып, келе жаткан жаңы жылдык майрамы менен куттуктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

303