7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

316

Ички иштер министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Каржы полициясынын пресс кызматы билдирди.Кыргыз Республикасынын Финансы полициясына “Т.Б.” деген жарандан Ички иштер министрлигинин кызматкери тарабынан 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылуу фактысы боюнча арызы келип түшкөн. Ушул жылдын 21-декабрында, Финансы полициясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ИТКсы менен биргеликте 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү “Р.Б.” кармалды. Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкыбашкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

317