7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин тергөөчүсү 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

1237

ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мааалыматка ылайык, бул факт УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги «У.Э.К.» кармалды.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1238