Жогорку Кеңештин жыйынында Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер комитетинин төрагалыгынан алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Тазабек Икрамов «парламентти экиге бөлүп ызы-чуу кылдырбай, Чыңгыз мырза, өзүңүз арызыңызды жазып берсеңиз туура болгону турат»,-деген пикирин айтты.
«Азыр бардык жактан катачылык бар, Чыңгыз мырза тараптан дагы кетти. Мен дагы катышкам, биртоп ызычуу болгон. Ким кандай кылмыш кылып жатканын убакыт көрсөтөт. Бирок, калыстык үчүн айтып коеюн, парламентти алып барып жаткан өзү туура эмес кеткен. Сиздин колуңузга документ тийбегенден кийин ошондо жыйынды токтотуп койсоңуз туура болмок. Урматтуу төрага, сиз дагы шашып эч кандай фракциялар чечими чыга электе эле «ишеним көрсөтпөдү» деп айтып койдуңуз бул дагы туура эмес да. Парламентти экиге бөлүп ызы-чуу кылдырбай, Чыңгыз мырза, өзүңүз арызыңызды жазып берсеңиз туура болгону турат. Парлемнетте азыр экиге бөлүнүп жатабыз да, жаман иш болуп жатат»,-деди депутат Икрамов.
Белгилей кетсек, буга чейин үч фракция жана эки топ Айдарбековго ишеним көрсөтпөө чечимин төрагага сунуштаган.