7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды

527

Азербайжандын лидери Ильхам Алиев президент Садыр Жапаровго карабак күлүгүн белек кылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Баалуу белек Агдам шаарында Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана анын мүрзөсү жайгашкан 18-кылымдагы сарай комплексине барган кезде тапшырылган.

Комплекстин аймагын карап чыккандан кийин президенттерге Азербайжан тукумундагы жылкылар көрсөтүлдү, хан заманында ал жерде аттар сатыкка коюлчу экен.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 24-25-апрель күндөрү Азербайжанда мамлекеттик сапар менен болду.

528