Бүгүн өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17… +22,
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +13…+18,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 11…+16.
Бишкекте түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.