12 жаштагы баланын зордукталышы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Рудаки районунун жашоочусу 12 жаштагы уулу зордукталганын билдирип кайрылган. Бул окуяны билген соң анын жолдошу аялы менен ашырашып кеткен.
Ноябрдын аягында Рудаки райондук соту 18 жаштагы жигитти адепсиз жоруктарга айыптап, 160 саатка түзөтүү жумуштарына кескен. Өкүм «14 жашка чыга элек балага адепсиз кылык-жоруктарды көрсөтүү» беренесинин негизинде чыккан.
Жабырлануучунун апасы жана адвокаты соттун чечимине макул эмес. Адвокат сот «14 жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» беренесинин негизинде өкүм чыгарышы керек болчу деп эсептейт. Алар жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышты.
Соттолгон жигиттин атасы уулу баланы зордуктабаганын айтууда.
«Эми ал кандайдыр бир жаман жорук жасаптыр, бирок сотмедэкспертиза олуттуу эч нерсе болбогонун көрсөттү го. Мен дагы күнөөлүүмүн, эртеден кечке курулушта жүрүп, баламды карай албай калдым», — деген ал.
Жабырлануучунун апасы соттолгон жигит уулун үч жолу зордуктаганын билдирүүдө.
«Бул тууралуу күйөөмө айтсам, ал такыр башкача реакция жасап, эч кимге айтпоону талап кылды. Күйөөм туугандарга жана кошуналарга уят болобуз деди. Мен болбой, милицияга арыз жаздым. Ошондон кийин күйөөм мени менен ажырашып кетти», — дейт ал.
Алар 13 жыл чогуу түтүн булатышкан, ортодо эки уул, бир кыз бар.