7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индияда белгисиз оору пайда болуп, жуктургандардын саны 800гө жетти

307

Индиянын түштүгүндө жайгашкан Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оору тарады. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, белгисиз ооруга 800дөн ашык адам чалдыгып, бир адам каза болгон. Дарт баш айлануу, талма, күтүүсүздөн эс-учун жоготуу, оозунан көбүк чыгуу, безгек, калтырак басуу менен коштолот. Жергиликтүү бийлик бул илдеттин адамдан адамга жукпасын айтышууда. Ошондой эле алар дарттын пайда болуу себебин суунун булганычтыгы менен байланыштырат. 

Буга чейин Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарында белгисиз оорудан 350дөн ашык адам ооруканага жаткырылып, бир адам каза болгондугу кабарланган.

Дарыгерлер канды изилдеп, мээнин компьютердик томографиясын жүргүзүп көрүшүп, бирок күтүүсүз оорунун себебин аныктай алышкан эмес.

Оорунун себебин аныктоо үчүн Улуттук тамактануу институтунун, Химиялык технология институтунун жана Бүткүл Индия медициналык илимдер институтунун дарыгерлеринен турган топ аталган штатка жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

308