7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индияда дарыгерлер чарчап калды деп көмүлгөн ымыркай тирүү болгон

1152

Индиянын Бахинал шаарына жакын жердеги Банкут айылынан келген үй-бүлөгө дарыгерлер ымыркайын чачап калды деп кабар берип, аны тирүүлөй көмүшкөн. Бул тууралуу Esoreiter.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ымыркай Банкут айылынын тургундарынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төрөт болгон ооруканада дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды деп, эки саат бою жардам беришкен эмес. Ымыркайдын ата-энеси төрөлгөн кызын Холлан айылына көмүүнү чечишкенде, жергиликтүү тургундар буга каршылык көргөзүшүп төрөт үйүнүн көрүстөнүнө көмүүнү талап кылышкан.

Сөөк коюлгандан кийин бир саат өтүп ымыркай кызды башка көрүстөнгө кою үчүн казып алып жатканда ымыркайдын тирүү экенин байкашкан. Ошол замат аны ооруканга жеткиришип, биринчи медициналык жардам көргөзүлгөн. Ымыркайдын туугандары дарыгерлердин шалаакылыгына нааразычылыгын билдиришип, райондук ооруканын төрөт бөлүмүнүн эки кызматкери иштен четтетилген.

Учурда тергөө иштери башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1153