7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Интернет аркылуу интим кызматын сунуштаган келин кармалды

435

Сойкулук жасоого шектүү катары 28 жаштагы Кара-Суу районунун тургунун кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирет.Белгисиз жаран «Дина» аттуу ысым менен интернет баракчаларынын бири аркылуу кардарларды чакырып, сойкулук иши тууралуу жарнама жарыялаган. Бул маалымат электрондук журналга катталып, анын кармоо боюнча ыкчам иштер жургүзүлгөн.

Натыйжада, Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен сойкулук жасоого шектүү катары Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж.М. кармалган. Шектүү Орусияда жүрүп, бир ай мурда Кыргызстанга келген. Аталган батирди алып, 28-апрелден баштап сойкулук жасоо үчүн өзүн жарнама жасай баштаганы белгилүү болгон.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Ошондой эле, бул келинге көмөк көрсөткөн 1998-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну, батир ээси кармалды. Тинтүү жүргүзгөн учурда барсеткасынан бычак жана “Макаров” тапанчасына окшош курал алынып, экспертизага берилди.

 

436