7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сактоочу жай табылды

529

УКМК Бишкек шаарындагы гараж кооперативдеринин биринде өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган «Мефедрон» баңгизатынын реагенттери (компоненттери) болгон химиялык заттардын көмүлгөн жайын аныктады.

Натыйжада 300 килограммдан ашык порошок түрүндөгү жана 360 литрге жакын суюктук түрүндөгү химиялык заттар документтештирилип алынды. Аталган заттардын бири синтетикалык Альфа-ПВП дарысы болсо, калган заттар мефедрон синтетикалык дарысынын реагенттери болуп чыкты.

Алынган каражаттардан 10 кг мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак, аны калк арасында сатканда наркы 500 миң АКШ долларын түзмөк.

Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

530