7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерден ири суммадагы акча опузалады деп Камчы Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү кармалды

1251

Камчы Көлбаевдин (Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча бүгүн, 5-сентябрда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган.

Алар 1984-жылы туулган Эдил Абдулдабеков, 1993-жылы туулган Бекзат Дөөлөтбек уулу, 1972-жылы туулган Александр Лепихин, 1972-жылы туулган Дмитрий Кирчанов, 1985-жылы туулган Кеңешбек Токтакунов жана 2001-жылы туулган Мээримбек Тыныбек уулу.

Жогоруда аталган адамдар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, А.Э.М. таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1252