7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Исираилова: 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө алгач мугалимдерди даярдоого белсендик

225

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө алгач мугалимдерди даярдоого белсендик. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова билдирди.

Анын айтымында, учурда педагогикалык кадрларды даярдоо 12 мамлекеттик жана 11 жеке менчик жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө биз педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын кайра карап чыгуу жана модернизациялоо зарылчылыгына туш болдук. Биз мугалимдик билим берүүнүн заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп беришин жана анын функцияларын натыйжалуу аткарышын камсыз кылышыбыз керек. Бул биз билим берүүнүн башталышынан тартып эмгек рыногуна чыкканга чейинки бардык этаптарда сапаттуу кадрларды даярдоону камсыз кылышыбыз керек дегенди билдирет. Учурда биз буларды эске алуу менен 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө алгач мугалимдерди даярдоого белсендик», — деди ал.

Исираилова белгилегендей, бүгүнкү күндө республика боюнча педагогикалык адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттердин жалпы саны 49 миң 827ни түзөт. Анын ичинен быйыл 2 миң 109 бүтүрүүчү гранттык, ал эми 2 миң 109 бүтүрүүчү контракттык негизде окууну аяктайт.

226