7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Испанияда поезддердин кагылышуусунан кеминде 39 адам мерт кетти

12

Испаниянын Андалусия аймагындагы Адамус шаарынан алыс эмес жердеги эки ыкчам поезддин кагылышынан 39 адам мерт кетти. Бул тууралуу El País маалымдады.

Басылма дагы 73 адам жаракат алганын, алардын ичинен 24 кишинин абалы оор экенин жазды.

Кырсык 18-январь күнү болгон. Испаниялык маалымат каражаттары жазгандай, Малага шаарынан Мадридге багыт алып келе жаткан Iryo компаниясынын поездинин акыркы эки вагону дагы бир поезд келе жаткан коңшу тилкеге оодарылып кеткен. Ал тилкеде Мадридден Уэлвага Alvia (Renfe) поезди бара жаткан. Мерт кеткендердин бири Alvia поездинин машинисти болгону кабарланды. Ыкчам поезддин вагондорунун тилкеден чыгып кетишинин себеби белгисиз.

«Iryo компаниясынын поезди дээрлик жаңы, темир жолдор да оңдоодон өткөрүлгөн. Бул тилкедеги оңдоо иштери былтыр май айында аяктаган. Кырсык таң калыштуу, түптүз линияда болду. Биз кеңешип жаткан бардык эксперттер таң калып жатышат», — деп билдирди транспорт министри Оскар Пуэнте. Ал набыт болгондордун саны өсүшү ыктымалдыгын кошумчалады.

Кырсыкка байланыштуу Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы ыкчам поезддер каттамы токтотулду.

13