7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Италияда дүйнөдөгү эң ичке автоунаа жасалды (Видео)

138

Италиялык жаран дүйнөдөгү эң ичке автоунааны жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалым болгондой, унаа Fiat Panda үлгүсүнүн негизинде жасалган.

«Бул унаа жөн гана концепт эмес, толук иштеген прототип. Ал бензин менен иштейт, болгону бир фарасы, бир отургучу бар, керектүү бөлүктөрү минималдуу. Терезелери жабылбайт, анткени колдорду коюуга орун жок. Эгер айдоочу толук болсо, салонго батпайт. Анткени унаанын туурасы болгону 80 сантиметрди түзөт»,- деп айтылат маалыматта.

Бул өзгөчө унаанын видеолору социалдык тармактарда тез эле тараган. Видеодон эң ичке унаа Италия көчөлөрүндө эркин жүргөнүн, тургундардын ар кандай реакцияларын көрүүгө болот.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

139