АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстеги партиялаштарына «Америка үнү» радиосун толук жабууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ак үй башчысы аталган медианы «солчул жана кыйратуучу» деп сыпаттаган.
«Республикачылар эмне үчүн демократтардын куралы болгон «Америка үнүн» колдошу керек? Бир дагы республикачыл анын сакталып калышына добуш бербеши керек. Жоготкула!» — деп жазды Трамп Truth Social баракчасында.
Ал өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн башында бюрократияга каршы күрөшүү максатында бир катар уюмдардын кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Алардын катарында «Эркин Европа/Азаттык радиосу» жана «Америка үнү» медиакорпорацияларын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттиги да бар. New York Times басылмасы өткөн жумада «Америка үнү» медиасынын 600дөн ашуун кызматкери иштен бошотулары боюнча билдирүү алышканын жазган.