7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан жалпы 58 медаль жеңди

649

Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. Мелдештер 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланды.
Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы 14 спорттун түрүнөн катышып, 58 медаль жеңди. Анын ичинен 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына Кыргызстандан расмий оюн катары көк бөрү жана “Алыш” бел боо күрөшү киргизилген. Көк бөрү боюнча курама команда финалдык беттеште 5:0 эсебинде Казакстан курама командасын жеңип чемпион болушту. Ал эми “Алыш” бел боо күрөшүнөн балбандар жалпы 19 медаль жеңди.

Ошондой эле, жер улак (көк пар) боюнча беттеште Кыргызстан күмүш медалдын ээси болду.

Кыргызстан мындан сырткары күрөштүн 8 түрүнө катышты. Алар: ашыртмалы жана капышмалы аба күрөшү, казак күрөшү, күраш (өзбек), шалвар, пехлавани, май күрөш жана татар күрөшү. Аталган күрөштүн түрлөрүнөн жалпы 19 медаль болду.

Көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу спорту боюнча беттештер өткөн. Мас-рестлинг боюнча курама команда Кыргызстандын эсебине алгачкылардан болуп 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге алып келген. Салттуу жаа атуу боюнча командалык эсепте эркектер арасында 1 алтын жана кыздар арасында 1 коло байге жеңишкен. Ошондой эле жекелик эсепте кыздар арасында 1 коло байге ээледи.

Белгилей кетсек, мындан сырткары тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн көрсөтмө оюндар болуп өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

650