7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Июнь окуясына 11 жыл. Ошто шейит кеткендердин эстелигине куран окулду

712
Бүгүн, 10- июнь күнү Ош окуясында каза болгондордун жана шейит кеткендердин эстелигинде куран окулду. «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде болгон иш чарада гүл чамбарлар коюлуп, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева, Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев Ош окуясында курман болгондордун жана шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү жана жакындары катышты.
Биринчи вице-мэри Замир Юсупов энелердин көз жашы акпасын деген тилегин билдирип өттү.
«Биримдиктин жана ынтымактын кадырын билген элбиз. Жерибизде тынчтыктын желеги желбиреп, асманыбыз ачык болсун. Ош шаарынын мэриясы дайынсыз кеткендердин жакындарына, үй-бүлөсүнө ар дайым колдоо көрсөтө берет»,-деди биринчи вице-мэр.
Мындан тышкары,
«Шейиттер биримдиги», «Түштүк коогалаңынын шейиттеринин өчпөс оту» «Бирдиктүү эл», «Ош окуясынын дайынсыздары», «Ош окуясында дайынсыз балдардын энелери», «Өчпөсүн коломто» коомдук бирикмелерге шаар башчысынын атынан акча каражат тапшырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

713