7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Издөө салабыз! Сузакта 9 жаштагы Сумая мектепке кеткен бойдон дайынсыз

1049

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылынын тургуну, 2012-жылы туулган Хосилжанова Сумая Уткирбековна дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сумая үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда 9 жаштагы Сумаянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү жемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке же төмөндөгү телефон аркылуу 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1050