Ысык-Көлдө жарандын үйүнө кирип, телефонун, акча каражатын опузалап тоноп алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү Каракол ШИИБге ооруканадан 1994-жылы туулган Ш.А жана 1992-жылы туулган М.Э. аттуу жергиликтүү жарандар денесиндеги жаракаттары менен түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Териштирүү учурда ошол эле күнү түнкү саат 01:00 чамасында, жабырлануучулар жашаган батирине белгисиз үч азият улутундагы адамдар кирип сабап, күч колдонуу менен «Хонор 8», «Редми нот 11» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун, акча каражатын жана жабырлануучуга таандык болгон «Мерседес Бенс» үлгүсүндөгү автоунаасынын ачкычын ачык түрдө ээлеп алгандыгын аныкташкан.
Ошондой эле, кайрадан аларды кайтарып алыш үчүн 500 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын жабырлануучулардан кийинки күндүн саат 17:00гө чейин табууга мөөнөт берип опузалагандары да маалым болгон.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-беренисинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алар 1997-жылы туулган Тоң районунун тургуну Т.К., 1994-жылы туулган Түп районунун тургуну И.М. жана 1994-жылы туулган Жети-Өгүз районунун тургуну Ө.С. аттуу жарандар болгон.
Кармалган шектүүлөр, алгачкы суракта күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.