7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үйүнүн айланасына кара куурай өстүрүп жүргөн 61 жаштагы жаран кармалды

1202
Үйүнүн айланасына баңги затын мыйзамсыз өндүрүп жүргөн 61 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баңги затка каршы күрөшүү кызматкерлери атайын соода кылышып, 2 килограмм 130 грамм баңги затын сатып алышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 268-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
«Кара куурай өстүрүүгө шектүү 1960-жылы туулган К.А. экени аныкталды. Ал жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Шектүү өз эрки менен 1 килограмм 700 грамм кара куурайды берип, андан тышкары короосундагы куурайды көрсөткөн. Кара куурайдын салмагы 149 килограмм 78 граммды түздү. Ал эми шектүү үй камагына чыккан»,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, шектүү үйүн ижарага берип, анда аял, балдары менен жашап жүргөн. Батирде жашаган балдар милиция кызматкерлерине маалымат беришип, досторуна кара куурайды акчага жулууга Саша байкеси уруксат бергендигин айткан. 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1203