7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үйлөнүү тойдо унаадан асманга ок чыгарган жаран кармалды

605

Жалал-Абад облусунун ЖККБнын кызматкерлери той кортежинде асманга ок чыгарган жаранды кармады.

Социалдык тармактарда үлпөт той кортежинде бара жаткан унаалардын ичинен “BMW X5” үлгүсүндөгү авто унаанын алдынкы терезесинен чыгып, асманга бир нече ирет ок чыгарып, жана авто ээнбаштык жасагандар боюнча видео тасма тараган.

Бул видео тасма Жалал-Абад облусунун аймагында болгондугу аныкталган. Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 1996-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми автоунаанын айдоочусуна авто ээнбаштык кылгандыгы үчүн, 15 000 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

606