7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күчүктү өлтүргөн жаран 10 жылга эркинен ажыратылды

700

Америкалык Брендан Эванс 2017-жылы питбуль-терьер күчүгүн мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылганын жергиликтүү South Florida Sun Sentinel гезити жактоочуга таянуу менен билдирди.

Олли аттуу майып күчүк 2017-жылы октябрда Голливудда табылган, кол салган киши итти чемоданга салып таштап кеткен. Олли 50дөн ашык бычактан жаракат алган жана ветеринардык клиникага жеткирилип, эки күндөн кийин каза болгон. Бул окуяга кыжырданган жарандар кылмышкерди кармагандарга 60 миң доллар сыйлык жарыялашкан. Кийинчерээк полиция Эвансты чемодандагы ДНК издеринен тапкан.

Эванстын батирин тинтүү учурунда жуунучу бөлмө менен ашканадан мышыктардын тамандары, келемиштердин өлүктөрү жана кандын издери, ошондой эле эки бычак жана союл табылган. Алгач адам күнөөсүн мойнуна алган эмес, төрт жылдан кийин гана мойнуна алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701