7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөр оюндарына карата Кырчындын электр инфраструктурасы күчөтүлүүдө

118

Ысык-Көл электр тармактар ишканасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Кырчын жайлоосундагы объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Учурда жайлоодо кубаттуулугу 630 кВА болгон беш комплекттүү трансформатордук көмөк чордон жана 250 кВА болгон бир көмөк чордон орнотулуп, 0,35 чакырымдык 10 кВ кабелдик электр берүү линиясы тартылды.

Мындан тышкары, буга чейин жалпы 94,2 чакырым СИП зымдары тартылып, 552 темир-бетон мамы орнотулган.

Ошондой эле «Григорьевка» 110/10 кВ көмөк чордонунда чыңалуусу 110 кВ болгон эки заманбап элегаздык өчүргүч орнотулат. Жаңы жабдуулар авариялык кырдаалдарда электр тармагын автоматтык түрдө өчүрүп, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана энергетикалык системанын коопсуздугун жогорулатат.

Бул иштер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого жана Ысык-Көл облусунун энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого багытталган.

119