Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, алдыдагы аптада өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Чүй жана Талас облустарында 20–21-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
22-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым аймактарда нөшөрлүү жаан жаашы ыктымал.
23-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
24–25-июлда түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.



