7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футболдон Испания 16 жылдан кийин дүйнө чемпиону болду (ФОТО)

24

Испания футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү аталды. Финалдык беттеште испаниялык футболчулар учурдагы чемпион Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде жеңип, өз тарыхындагы экинчи дүйнө чемпиондук наамын жеңип алышты.

Чечүүчү голду 106-мүнөттө оюнга кийинчерээк кошулган чабуулчу Ферран Торрес киргизди. Беттеш АКШнын Нью-Жерси штатындагы «МетЛайф» стадионунда өттү.

Испания 2010-жылдан кийин экинчи жолу дүйнө чемпиону болуп, дүйнөлүк футболдогу лидерлигин дагы бир жолу тастыктады.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кыскача жыйынтыгы:

⚫️Бул дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу үч өлкөдө өтүп, ага 48 команда катышты

⚫️Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчулардын тизмеси жаңыланды. Франциялык Килиан Мбаппе 22 гол, аргентиналык Лионель Месси 21 гол менен буга чейинки рекорд ээси Мирослав Клозеден (16 гол) озуп кетишти

⚫️Мбаппе дүйнө чемпионатында эки жолу эң мыкты бомбардир болгон тарыхтагы жалгыз футболчу. Ал 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында 12, ал эми төрт жыл мурда 10 гол киргизген

⚫️Англия менен Франциянын үчүнчү орун үчүн таймашы (6:4) дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң көп гол киргизилген оюн болду. Буга чейинки рекорд 1958-жылкы чемпионатта Франция Германияны 6:3 эсебинде жеңген беттешке таандык эле

⚫️Аргентина алтынчы жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, анын үчөөндө жеңди. Испания финалга эки жолу чыгып, экөөндө тең чемпион аталды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

25