7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Жалган маалымат таратып, улут аралык кастыкты козуткандар жазаланат

240

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат таратып, коомдук жана улут аралык кастыкты козутууга аракет кылган аккаунттарга карата укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, айрым саясий күчтөр жана алардын тарапташтары бийликке каршы жалган маалыматтарды таратып, “кытай басып кетти”, “жерлер сатылып жатат”,
”тышкы карыз көбөйдү” деген сыяктуу такталбаган билдирүүлөрдү коомчулукка жайылтып келишкен.

Дайырбек Орунбеков мындай аракеттерге мыйзам чегинде баа берилерин белгилеп, Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактардагы чагымчыл аккаунттарды жана алардын байланышын аныктоо боюнча иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле ал жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырып, жалган маалымат таратуу жана улут аралык кастыкты козутуу мыйзам алдында жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Билдирүүдө өлкөнүн өнүгүүсү үчүн темир жолдорду, завод-фабрикаларды куруп, өндүрүштү жана экономиканы өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгы белгиленген.

241