7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Алтынкендеги” тоо бооруна 2015-жылы эки тилде жазылган ураан алынат

25

“Алтынкен” ишканасы жайгашкан аймактагы тоо бооруна 2015-жылы эки тилде жазылган ураанды алып салуу иштери башталды. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү социалдык тармактарда аталган жазууга байланыштуу түрдүү талкуулар жаралган. Компаниянын билдиришинче, жазуу 2015-жылы ошол кездеги бийликтин талабы менен экологияны коргоого чакырык катары жазылган.

Ошол учурда ишканада жергиликтүү жарандар менен катар Кытайдан келген адистер да эмгектенгендиктен, экологиялык чакырык кыргыз жана кытай тилдеринде жазылган болчу.

Ишкана жазуунун эч кандай саясий мааниси жок экенин белгилеп, анын негизги максаты кен байлыктарын өздөштүрүү менен катар жаратылышты, тоолорду жана суу ресурстарын сактоого үндөө болгонун билдирди.

Ошондой эле компания 2015-жылы кызматкерлердин 60 пайызга жакыны Кытайдан келген адистер болсо, учурда эмгек жамаатынын 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөрүн маалымдады.

26