7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү, Ак калпакты жасоо өнөрү жана ДКО ЮНЕСКОго катталды

685

Бүгүн, 9-июнда Бишкектеги Улуттук тарых музейинде ЮНЕСКОнун адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген “Көк бөрү – салттуу ат оюну”, “Ак калпак жасоо боюнча салтуу билимдер жана ыкмалар” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы” багыттарынын сертификаттары расмий тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Сертификаттарды тапшыруу аземине өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргызстандын туруктуу өкүлү Садык-Шер Нияз жана башкалар катышты. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686