7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү: Командалар акчалай түрдө кандай сыйланышты? (ТИЗМЕ)

754

13-21-март күндөрү «Аккула» ат майданында жогорку, биринчи, экинчи лига жана 40 жаштан өйдөкү курама командалар арасында көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш өттү.

Мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда ат салышты. 21-март күнү финалдык беттештер болуп өттү. Оюн талаасында биринчи лиганын «Жаштык» жана «Четинди-Бишкек» командалары күч сынашты. Жыйынтыгында «Жаштык» командасы 7:2 эсебинде жеңишке жетишип, жогорку лигага көтөрүлдү. Ал эми жогорку лиганын «Ынтымак» жана «Сары-Өзөн» командалары беттешип, «Ынтымак» командасы 5:0 эсебинде утуп, “Нооруз-2023” республикалык мелдешинин жеңүүчүсү болду.

Жалпы байге фонду 7 миллион сомду түздү.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Жогорку лига:
1 орун — “Ынтымак» (1000 000);
2 орун — “Сары-Өзөн” (500 000);
3 орун — “Достук” (250 000);
4 орун — “Алтын-Альянс” (13 000);
5 орун — “Мурас” (80 000);
6 орун — “Ак-Шумкар” (50 000).

Мыкты оюнчу: Эсен уулу Өмүрбек(Ынтымак) 10 000 сом;

Мыкты аргымак: Даран(Сары-Өзөн) 10 000 сом.

Биринчи лига:

1 орун — “Жаштык” (150 000);

2 орун — “Четинди-Бишкек” (100 000);

3 орун — “Ийгилик” (70 000);

4 орун — “Намыс” (50 000).
Мыкты оюнчу: Абдыллаев Арген (Жаштык) 10 сом;
Мыкты аргымак: Чырак ( Четинди-Бишкек) 10 000 сом.

Экинчи лига:

1 орун — “Көк-Жал” (70 000);
2 орун — “Кара-Балта” (50 000);
3 орун — “Кетмен-Төбө” (40 000);
4 орун — “Ак-Илбирс” (30 000).
Мыкты оюнчу: Каныбеков Зулпукор(Көк-Жал) 5000 сом;
Мыкты аргымак: Барон(Кара-Балта) 5000 сом.

Ардагерлер 40 жаш:

1 орун — “Жети-Дубан” (70 000);
2 орун — “Сары-Өзөн” Чүй (50 000);
3 орун — “Ардагер” (40 000).
Мыкты оюнчу: Самудинов Мирлан (5000);
Мыкты аргымак: Кой-Күрөң (5000).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755