Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.
ӨКМден билдиргендей, кырсык 22-мартта таңкы саат 05:00дө болгон. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болуп, үйлөргө 300 метр аралык калган.
Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган.