7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыйында кабыл алынган маанилүү чечимдер

415

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 13 маселе каралды жана анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду.

Министрлер кабинетинин “Өкмөттүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 “Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

  • Сунушталган токтомдун долбоорунун милдети автомобиль жолдорун тартипке келтирүү жана жагымдуу шарттарды түзүү, өнүктүрүү жана жол чарбасынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жол боюндагы тилкедеги жер участокторуна документтерди түз алуу болуп саналат.
  • Министрлер Кабинетинин дагы бир чечими менен “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомуна “Бишкек штамптоочу завод” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объектилерин убактылуу (15 жылдык мөөнөткө) акысыз пайдаланууга берилди. Бул чечим токтоп турган ишканалардын ишин жакшыртат, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө түрткү берет.
  • Ошондой эле, Министрлер кабинетинин жыйынында “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүндө товарларды жылдыруу тартибин бекитүү тууралуу чечим кабыл алынды.
  • Бул ченемдик укуктук актыны кабыл алууда чек-аралык электрондук соода боюнча Кытайдын Кашгар бонд чөлкөмү менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, товарларды “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кашгар шаарынын бонд чөлкөмү аркылуу экспорттоо ишке ашырылат.
  • Белгилей кетсек, “Нарын” эркин экономикалык чөлкөмүнөн Кытайга товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт жана Түркиянын, Россиянын, Белорусянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана башка өлкөлөрдүн инвесторлорун тартат.

Ошондой эле, Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен “Асман экологиялык таза шаары” пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

416