7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү, жер улак боюнча Казакстандын командасы Кыргызстанга чакырылды

594

Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча жыйын өттү. Анда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын жетекчиси Рамис Жунусалиев Казакстандын командасын Ысык-Көлгө чакырганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Ысык-Көлдө көкпар, көк бөрү боюнча «Биримдик» кубогун өткөрүү максатында Казакстандын командасын Ысык-Көлгө чакырган. Рамис Жунусалиев чакыруу катты казак тарапка бүгүн жөнөтүшкөнүн айтты.

«Көкпар федерациясын күнөөлүү деп эсептебейбиз. Финалда күнөө калыстардан, оюнчулардан кетип калды. Көкпар федерациясы менен мындан ары кызматташууга даярбыз. 1-ноябрда Ысык-Көлдө ошол эле курам менен «Биримдик» кубогун өткөрөлү деп бүгүн расмий түрдө Казакстанга кат жөнөттүк. Бул оюн, спорт. Эки элдин ынтымагы үчүн амбицияны сыртка таштап, бардык кадамдарга барганга даярбыз», — деди ал.

 

 

595