7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

465

Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2024-жылдын 16 — ноябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коен» же «Руслан Бостери» деп аталган КР жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды.

Аталган жаран Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.

Ошондой эле, колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн Р. Дүйшеев КР УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен Р. Дүйшеевге уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда К. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

466