7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күкүрт кислотасын мыйзамсыз сактаган жаран кармалды

613

Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, жашаган жеринен тиешелүү уруксат документтери жок, аларды сактоо шарттары боюнча мыйзамдарды бузган жана салык органдарында эсепке алынбаган 1 тоннадан ашык даяр электролит, 5 тоннадан ашык күкүрт кислотасы табылган. Шектүү катары Сокулук айылынын 1984-жылы туулган тургуну кармалган.

Белгилей кетсек, күкүрт кислотасын жана электролитти колдонуунун негизги багыттарынын бири наркотикалык препараттарды, анын ичинде алтын рудаларын кайра иштетүү үчүн өндүрүү болуп саналат.

Учурда бул факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614