7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаев менен иштешкен экс-премьер-министрдин жакын тууганы изделүүдө

411

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоого шектелип Кыргызстандын мурдагы премьер-министринин М.У.Д. аттуу жакын тууганы издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, М.У.Д. аттуу КР жараны тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу жана уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо фактысы аныкталды.

«Ал криминалдык авторитет К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, ал жетектеген криминалдык чөйрөнүн ишкердик жүргүзүүчү субъектилерден рэкет, опузалап алуу, акча чогултуу түрүндөгү мыйзамсыз аракеттерин билип, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен активдүү иш жүргүзүп келген. Атап айтканда, К.Асанбек менен бирге Ысык-Көл облусундагы “Каганат” пансионатынын “Flamingo Bay” ресторанына жана Чолпон-Ата шаарынын аймагында жайгашкан “White” түнкү клубуна ээлик кылган, ошондой эле К.Асанбекке тиешелүү “Ордо” соода жана оюн-зоок комплексинин 3-кабатында элиталык түнкү клубду ачууну пландап, буга чейин акча каражат жумшаган»,- деп берилет билдирүүдө.

Мындан тышкары, Бишкектеги “Асман”, “Social Coffe”, “Urban”, “Sushi Room”, “Red cow”, “Cakes/bubbles”, “My shisha”, “Aroma”, “Тесто Место” сыяктуу 11ден ашык элиталык мекемелерди тейлеген ресторан бизнесинин башкаруучу компаниясына ээ, кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшалган.

Ошол эле учурда, ал Дубайдын “Палм Джумейра” (БАЭ) элиталык аймагында жайгашкан “SAYA Brasserie” ресторандар тармагынын 5 ресторанын – “MURA”, “Eva Beach Restaurant”, “Patriki”, “Daily Huqqa” жана ошондой эле Алматы шаарындагы (РК) “Social Group Almaty” ресторандар тармагынын 5 ресторанын – “Eva Terrace”, “Urban”, “Local”, “Daily coffee” жана “Mongol bar” тейлеген “Aiza Hospitality” компаниясына ээ.

Түшкөн кирешенин реалдуу көлөмүн жашыруу максатында М.У.Д. жана анын жакын туугандары мүлктөрүн аффилиацияланган жактарга каттатышкан, Чүй облусунун аймагында эле 180ден ашык жер тилкеси жана К.Асанбекке таандык “Каганат” эс алуу борборундагы коттеджи аныкталды.

17-январда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топко катышуу) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылып, издөөгө алынды.

412