7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин кунун кууган 3 жалданма кылмышкер кармалды

1239

Мыйзамдагы ууру Камчы Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн Ɵзбекстандан атайын үч адам, адам өлтүрүүгө чек араны бузуп Кыргызстандын аймагына ɵтүп келишкен.

УКМКдан билдиришкендей, булар Ɵзбекстанда бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, ал жакта да издɵɵдɵ жүрүшкɵн. Алар Өзбекстандын жарандары 1997-жылы туулган Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1996-жылы туулган Рустамов Азамат Шухратович, 1994-жылы туулган Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли.

Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру К.Асанбектин ɵчүн алуу үчүн, керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте ыкчам иштеринин жыйынтыгында жогорудагы адам өлтүрүүгө аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, 13-октябрда Ɵзбекстан тарабына ɵткɵрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1240