7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды

371

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри С.Т.К. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ал криминалдык чөйрөдө «Потап» лакап аты менен белгилүү болгон.

Аталган жаран «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында Көлбаевдин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган.

Мындан тышкары С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.

2025-жылдын 13-мартында чогултулган материалдардын негизинде С.Т.К. кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын  №21 мекемесине киргизилген.

 

372