7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин өлүмү. Президент тергөө жүрүп жатканын айтты

793

Президент Садыр Жапаров кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы боюнча тергөө жүрүп жатканын «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: «Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи» деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. «Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен» деп. Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү»,-дейт өлкө башчы.

Эскерте кетсек, 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

794