7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көмүрдү жасалма акчага сатып алган жаран кармалды

587

Көмүрдү жасалма акчага сатып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, арыз менен Сокулук айылынын тургуну Ж.Э. кайрылып, 22-январь күнү саат 14:30 убакытта жашы 35 чамасында болгон бейтааныш адам жасалма 200 АКШ долларын берип 1,700 тонна көмүр сатып алып, 4300 сом акчаны кайтарып окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган окуя Сокулук РИИБне катталып, КЖКнин 233-беренесинде көрсөтүлгөн (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, аталган кылмыш ишине шектүү болгон 1987-жылы туулган Дж.А. аттуу жаран Сокулук айылында дагы бир жерден жасалма акчага көмүр алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган учурда жанында дагы 75-даана 500 евро купюра жана 67-даана 100 АКШ доллар купюра табылды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын жасалма акча менен дагы бир нече кылмыш жасаганы аныкталды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588